Search
  • talaskenesh

Аралда "Өнөр өстүргөн аспаптар" долбоору старт алды

Бүгүн Талас районуна караштуу Нанаев Касымкул атындагы Арал орто мектебинде "Өнөр өстүргөн аспаптар" аталышындагы долбоордун негизинде ачылган ийрим ишке кирди. Иш-чаранын ачылышына Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Апышев, мектеп директору Сейил Жуматаева, "Талас облустук жаштар Кеңеши" коомдук бирикмесинин долбоорлор боюнча координатору Асеин уулу Азамат жана "Дилгир" жаштар лидерлерин окутуу курсунун бүтүрүүчүлөрү жана мектеп окуучулары катышты. Ачылыш аземдин жүрүшүндө муниципалитет башчысы 2020-жылга карата Арал айылынын жаштары үчүн 50 миң сом бөлүнгөнүн белгилеп, мындай саамалыктар үчүн дагы да колдоо болоорун билирип өттү. Эскерте кетсек кичи долбоор "Дилгир" жаштар лидерлерин окутуу курсунун алкагында жүзөгө ашырылууда. Лидерлердин идеясын ишке ашыруу үчүн ийримге комуз, гитаралар жана музыкалык үн күчөткүчтөр алынып берилген.

"Жаштар үчүн жаркын келечек" долбоору Германия эл аралык кызматташтык коому GIZ тарабынан каржыланып "Жаштарды Өнүктүрүү Институту" жана "Талас облустук жаштар Кеңеши" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келет. #gizkyrgyzstan #ИРМ #ДилгирТалас #ТОСМ #проектыТОСМ #Таласоблустукжаштариштериденетарбияжанаспортбашкармалыгы


3 views

In cooperation with:

Contact

+996701211233

Address

  • Facebook - Black Circle
  • Instagram - Black Circle
  • YouTube - Black Circle

33 Islam Sarygulov St
Tалас,
Kyrgyzstan

©2018 by Talas Regional Youth Council. Created By Nika BAKHSOLIANI