Search
  • talaskenesh

Знакомство с менторами проекта "ЖашСтан"

Мин- Куштан чон салам! Атым Кенжебек. Мектепте мугалим жана Жашстан долбоорунда менторумун Бул долбоорго катышуу мен үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк болду. Алсак мугалим үчүн өтө маанилүү тренингдер болду. Мисалга "Устат - Шакирт" тренинги дилгир окуучуну алдыга сүйрөөгө, максатына жеткирүүгө чоң жардам болду. Ментор бир же бир нече адамды максатына жеткирүүгө жол көрсөтөт эмеспи. Ошондуктан ал ар дайым жеткиликтүү(доступный) болуусу абзел. Жашстан долбоорунда башында соц.пед. катары жүрсөм кийинчерээк ментор болдум. Иш алып барууда, тренингде алып жүрүүдө ары татаал, ары кооптуу да күндөр болду. Бирок канчалык кыйынчылыктар болбосун долбоор аяктап калган кезде балдардын өзгөрүүсү, мага өтө чоң шыктануу жаратты. Ал эми жаштар менен иштөө өтө жакты. Себеп дегенде мугалим үчүн окуучулар менен чогуу жүрүү, өспүрүмдөр менен иштөө өзүнчө бир ырахат. #ТОСМ #Проекты #Жашстан #менторство







0 views

In cooperation with:

Contact

+996701211233

Address

  • Facebook - Black Circle
  • Instagram - Black Circle
  • YouTube - Black Circle

33 Islam Sarygulov St
Tалас,
Kyrgyzstan

©2018 by Talas Regional Youth Council. Created By Nika BAKHSOLIANI